www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер! 2017-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Шор булак айылында, "Аалам" саясий партиясынын 10 жылдык мааракеси өтөт. "Аалам" саясий партиясы 10 жылдык чакан тарыхында, Кыргызстандагы башка партиялар сыяктуу эле коомубуздагы бир топ адилетсиздиктер менен бет келишип, одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн шайлоолорго күбө болушту. Ошого карабастан "Аалам" партиясы өлкөбүздө өтүп жаткан ар бир саясий иш-чараларга активдүү катышышып, республикабызда ар түрдүү тармактарда өз кесибин аркалаган, өз позициясы бар, саясий эрки күчтүү, мекенчил, ар-намыстуу жаш кадрларды тарбиялоодо эбегейсиз зор салым кошушту. Ошондой эле партиянын лидерлери Арсланбек Малиев менен Жылдызкан Жолдошева жаштардын тарыхка, маданиятка, спортко болгон көз караштарын калыптандырып, кызыгуусун арттыруу максатында республиканын аймактарында бир топ колдоого аларлык иш-чараларды татыктуу өткөрүп келишүүдө. "Аалам" партиясы менен "Курманжан датка" фонду тандемге баргандан бери карай өзгөчө кайрымдуулук иштер алгылыктуу жасалып жатат. Баса белгилей кетчү бир жагдай: массалык-маалымат каражатттарынын өкүлдөрү менен да биргеликте иш алып баруу жакшы жолго коюлганын байкоого болот. Албетте мындай жакшы жышаандар карапайым эл тарабынан чоң сый-урматка татыды. "Аалам" партиясынын тең төрагасы Арсланбек Малиевдин басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу тууралуу даректуу тасма да 10 жылдык мааракеде көрсөтүлөт.

Мааркеде, эл бүйүрүн кызыткан ат чабыш өткөрүлөт. 

1. Ат чабыш-аламан байгеге-Мерседес авто унаасы.

2.Жорго салыш-Митсибуси авто унаа

3.2-3-орундарга да баалуу сыйлыктар коюлган.

УРМАТТУУ АТ ЧАБЫШКА КАТЫША ТУРГАН ЭР АЗАМАТТАР!

Чамдагыла,байгелерди утууга шашылыныздар!

Урматтуу Арсланбек Касымакунович, Жылдызкан Айтибаевна, о.э. "Аалам"саясий партиясынын мүчөлөрү сиздерди 10 жылдык мааракеңиздер менен куттуктайбыз. Жаркын келечек,албан ийгиликтерди каалайбыз!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости