www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага тамакка ууланып кайрылган 42 адамдын баары медициналык жардам алгандан кийин бейтапканадан чыгарылды.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев "Азаттыкка" билдиргендей, 40 киши 24-августта алгачкы жардамды алары менен кетишкен. Экөө бир күндүк текшерүүдөн соң чыгарылды. Абалдары жакшы.

Дарыгердин айтымында, алар "Ак кеме" мейманканасында тренингге келген кишилер. Арасында экөө чет элдик.

Тамакка уулангандар кайсыл тренингге катышып жатканы, ким уюштурганы жана кандай тамак жегени тууралуу азырынча "Ак кеме" мейманканасынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости