www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин редакцияга "Акылдуу эсептегич" боюнча пайдалануучулардан нааразычылыктар келүүдө. Алсак, ЖЧК "Gunel +" кызматы бул кышта электр энергиясын пайдаланганына үзгүлтүксүз төлөп келген.
Буга чейин NazarNews.kg агенттигине бир нече шаар тургундары кайрылган. Буга акыркы айларда электр энергиясы үчүн келип жаткан төлөмдөрдүн ири суммасы себеп болгон. Ал ноябрда 001510 көрсөткүч менен - 33 620, декабрь айына - 001725 көрсөткүчү менен - 29400 төлөсө, январда — 36 805 сом, ал эми февраль айында - 002160 көрсөткүчү келип, ага 36 миң 400 сом туура эмес келгендигин айтып нааразы болууда. Бирок бардык айларга электр энергиясын бирдей эле өлчөмдө колдонгонун белгилеп, ал эми февраль айына электрди сарамжалдуу пайдаланса деле, мындай көрсөткүч келгендигине таң калып жатканын айтат. Бирок, энергияга кеткен чыгым көп болгондугуна байланыштуу электр энергиясына кеткен чыгымдарын азайтуу жана үнөмдөө максатында жылыткычтарды өчүрүп да салышкан. Бирок, бул айда деле көрсөткүчтөр "асмандын башын" айтып, аталган коомдун өкүлү "мындай чыгымдар кетпеш керек эле" - деген пикирин айтууда.
Кыргызстандыктардын көбү "акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болуп, "эсептегичтер ашыкча акчаны кошуп жатат" деген пикирин билдирүүдө. Бул тууралуу маалыматты "Түндүкэлектр" ишканасынан дагы тастыкташты.
Эске салсак, мурда да "акылдуу эсептегичтерге" нааразы болгон болгондор буга чара колдонгула деп "Түндүк Электрга" нааразычылыгын билдиришкен.
Булак: NazarNews,kg