www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү тынчтык митинги Жогорку Соттун алдында башталып, Ак үйдүн алдында уланды. Ага Кыргызстандын төрт бурчунан келген соттун чечимине нааразы болгондор арбын болду. Соттун чечимдерине нааразы болгондор өз жакындарынын бейкүнөөсүз абакта отуруп жаткандыгын белгилешти. Ал эми Ак-Талаадан келген аксакал мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кылып кеткен ишине абдан нааразы болгодунун билдирип, Атамбаев тескерисинче, коррупция менен күрөшкөн жок. Жаңы келген Жээнбеков бул жагдайды колго алат деген терең үмүттөбүз, - деди ал.

Жогорку Сотто отургандар паракорлор экендигин белгилеп, акыйкат бул мамлекетте жок болуп бараткандыгын айтышууда.

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да четте калбай бул митингге катышууда. - Соттордун иши таза жана анык болуусу керек. Эгер ал туура эмес иштеген больсо, анда ал жоопко тартылуусу керек. Ушунча адам бул митингге топтолуп жатканы, демек, мезгил келди, биз тазаланып, коррупциянын колун байлап, аны президент менен бирге коомчулук менен кошо жеңели, - деген пикирин кошумчалады.

Ошондой эле митингчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Президенттин өкүлү кетсин!- деген ураандарды айтышууда.

Ооба, Сооронбай Жээнбековдун демилгесин колдойлу, бирок, бул куру эле сөз болсо мунун бардыгы бизге эмне кереги бар деген өңүттө пикирлер жана ойлор митинге айтылууда. "Эгерде президент тарабынан коррупция жоюлбаса, анда мындай президенттин эмне кереги бар бизге?"- деген да ойлор айтылууда.

Алар учурда "Президенттин эл өкүлү эл алдына чыксын!"- деген талаптарды коюшууда.

Жазгүл Урмамбетова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости