www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов Өзгөн районунун Куршаб айылынан келген тургундарды кабыл алды. Жалпысынан 45 адам келип,  “Аман Банктын” филиалына 2011-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин аманаттыкка акча салып, бирок банктан өздөрүнө алуу убактысы келгенде ала албай калышканын айтып нааразы болушкан.

Жашоочулардын айтуусу боюнча, Жеңишбек Абдыкадыров бул банкта 10 жыл 6 айдан бери иштеген, ал өзү  “Аман Банктын” жетекчилеринин артын жабам деп элдин банкка салган акчаларын иштетип жибергенин билдирген.

Бул боюнча жаңы шайланган акыйкатчы Токтокүчүк Мамытов тарабынан жардам берилип, мыйзам чегинде көзөмөл боло турганын билдирген.

Эске сала кетсек, Өзгөн шаарындагы “Аман Банктын” башкы кеңсеси эч кандай эсеп ачылган эместигин айтып, тургундардын акчасын банктын мурунку директору Жеңишбек Абдыкадыровдон өндүрүп алууну айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости