www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күлүйпа Жумабекова элдик даарыгер:

Дарты аныктагандан алдына киши салбаган, диогнозду мыкты койгон, рактын түрү  менен күрөшкөн Күлүйпа эже менен бул жолу эмчектин рагы тууралуу ой бөлүштүк.

-Күлүйпа эже, эмчектин рагы эмнеден улам пайда болот?

- Эмчектин рагы эң алгач сезгенүүдөн пайда болот. Маселен, эмчегин чоочутуп алса  же  муздак суу тийип кетсе,  катуу нерсеге уруп алса,  төрөгөндөн кийин  мастапатия пайда кылып алсаң же организмде гормандордун бузуулуусу болсо, эмчектин рагы пайда боло берет. Ошондой эле эмчектин рагына эмчектин формасын сактап калам деп баласын эмгизбей, дары ичип сүтүн таркатуунун айласын көргөндөр кабылышат. Бойдон алдыруу да эмчектин рагын чакырат. Силикон салдыруу да эмчектин рагынын пайда болушуна шарт түзөт. Ошондой эле жатында проблема болсо, эмчекте рак пайда болот. Анткени, эмчек жатын  менен байланышта болот. Ошон үчүн эмчек ооруунун көп түрү жатынга байланыштуу болот. Жатынга кам көрүп, ордунан козголуп, ылды түшүп калган болсо, маани бербей жүрө бербей көтөртүш керек. Көтөртпөсө, жатындын рагы пайда болуп, эмчекти кошо оорутат.

-Эмчектин рагына кабылганын адам өзү  кантип байкаса болот?

-Эмчек ооруй баштайт. Эмчектин көлөмү бири чоң, бири кичине болуп, эмчекке бүртүкчөлөр пайда болот. Эгерде эмчек бездери ооруп, кыжаалат кыла  баштаса, врачтарга көрүнүш керек.  Ошондой эле  айызы келгенде  ыссык парга түшпөй сактанышы керек. Анткени, күндүн нуру да, ысык пар да рактын күчөшүнө шарт түзөт.

-Эмчек рагын бюсгалтер да чакырат дегенге ишенсек болобу?

-Эмчектин рагынын күч алышына  туура тандалбаган бюсгалтердин да таасири бар. Азыр көкүрөгөн чоң көрсөткүсү келгендер  паралон, губкасы бар бюсгалтерлерди кийишет. Синтетика абаны өткөрбөгөндүктөн, денеде жогорку температурдагы ыссык ар кандай жаман оорулардын пайда болушуна шарт түзөт. Ал эми губкасы жок бюсгалтер тагынгандар хб эмес,  синтетика тагынгандыктан, алар да жаман дарттардын күчөшүнө шарт түзөп жатат. Ошон үчүн эмчек рагы менен трумушка чыга элек кыздар да жабыркап жатышат.

Булак:"NazarNews"

Последние новости