www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарындагы №14 бала бакчадан 9-февралда саат 11:00 чамасында 2 жаштагы А.Арслан карышып ооруп (судороги), ооруканага түшкөн. Ал 10-февралда саат 16:00 чамасында каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү. Арсландын апасы Наргиза Абдыкадырованын айтымында, уулу эртең менен 08:45 чамасында бакчага эч жери оорубай жакшы абалда кеткен. «Мага саат 11:06да "Арслан ооруп жатат, бакчага келгиле" деп телефон чалышты. Жолдошум экөөбүз бала бакчага барсак, "облустук ооруканадабыз, ошол жакка келгиле" деди. Биз 5 мүнөткө жетпей бардык. Кабылдамага чуркап кирсем Арслан көпкөк болуп, оозунан тырмагынын учуна чейин көгөрүп кетиптир. Ошондо дарыгерлер көрүп, "жүрөгү токтоп жатат" деп башташты. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Менин оюмча аз убакытта балам анчалык көгөрбөйт болчу. Бала бакчадан эле каралбай калган. "Саат 10:00 чамасында уктайм деп жаткан, карасак эле карышып ооруп жатыптыр" деп айтып жатышат. Арслан буга чейин 10:00-10:30 чамасында уктачу эмес. Уктоочу бөлмөдө жалгыз уктап жатыптыр, ошондо жыгылдыбы, ооруп калдыбы, ыйладыбы?... Айтор, каралган эмес. Уктоочу бөлмөнүн эшиги жабылып, берки жакта балдар музыка сабагын окуп жатыптыр. Аккордеондун үнүнөн укпай калышты. Бакчаны эле күнөөлөйм...», - деди ал. Ошондой эле Арсландын мойнунда, башында көк ала тактар бар экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg