www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин кароосуна 5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоордун демилгечиси болуп Дастан Бекешев чыкты. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 20-майында Убактылуу өкмөттүн декрети менен 5-канал жабык акционердик коомунун уюштуруучусу болуп саналган "Жыйырма бешинчи кадр" ачык акционердик коому улутташтырылган.
Мыйзамдын долбоорунда:"Парламент “Пирамида” телеканалы аркылуу онлайн режиминде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алды. 5-канал юридикалык жактан да, иш жүзүндө да парламенттик телеканал болгон жок. “5-канал жабык акционердик коому жөнүндө” мыйзам актуалдуулугун жоготту жана бүгүнкү күндүн чындыгына жооп бере албайт. Жогорку Кеңеш ишин чагылдыруу боюнча өзүнүн максатына иш жүзүндө жетишти. Өкмөт 5-канал жабык акционердик коомунун активине баалоо жүргүзсүн жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырсын. Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салбайт. Экономикалык, экологиялык, гендердик, укуктук, укук коргоо жана коррупциялык экспертиза өткөрүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени, мыйзам долбоору жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон мыйзамды жокко чыгарат", - деп жазылган.
28-декабрда, эфирге жаңылыктардын акыркы берүүлөрү чыгат. Ошондой эле акыркы саат 20:00догу жыйынтыктоочу берүүсү телеканалдын тарыхына, буга чейин иштеп кеткен жана учурдагы жамаатына арналган.
Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 11 жыл мурун, 2007-жылы 12-февралда чыккан. Толук сетканы өзүнүн берүүсү менен камсыз кылган КТРКдан тышкаркы жалгыз телеканал эле.
Жаңылыктары ар саат сайын түз эфирде көрсөтүлгөн Кыргызстандагы биринчи телеканал. Андан соң мындай тажрыйбаны башка каналдар да колдонуп баштады. Анын ичинде мамлекеттик дагы бар.
Жаңылыктардан тышкары, Бешинчи каналда таңкы көңүл-ачуучу программа түз эфирде көргөзүлүп жатты. 11 жыл ичинде Бешинчи каналда ондогон түрдүү теледолбоорлор даярдалган. Атап өтсөк, “Путешествие к центру Евразии”, “Другая жизнь с Натальей Кролевич”, “Салт-Санат”, “Майдан”, “Жайлоо”, “Ранчо”, “Кухня”, “Эпоха перемен”, “Дата”, “Пятое измерение”, “Мигранты”, “Точка на карте”, “Два туриста на мели”, “Мнение”, “Два мира ТЭЦ”, “Дорожный строитель”, “Городская среда”, “Кыштакча”, “Люди”, "Үлгү", Кабарчынын күндөлүгү", "Партия", "Гезиттер кербени", "Төртүнчү бийлик", "Дүрбү", “Закымга айланган замандар”, “Квартира”, “Вечер на Пятом” жана башкалар.
Ошондой эле ушул жылдын башынан бери каналдык кызматкерлери өз демилгеси жана күчү менен түрк сериалдарды кыргызчага которуп, көрүүчүлөргө тартуулады. Аз да болсо бул долбоор теле көрүүчүлөрдүн бир бөлүгүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду.
Бешинчи каналдын жамааты ар дайым бир максатты көздөгөн-көрүүчүлөргө мекенибиз Кыргызстандын кооздугун, өнөрлүү, боорукер жана меймандос элин, кандай кыйынчылыктар менен өлкөбүз курулганын жана аны түптөөгө катышкан адамдарды көргөзүү эле. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аткаминерлердин шалаакылыгын, паракорчулукту, жемкорлукту, байманаптык кылык-жоруктарды, адамдык акылсыздыкты жана маданиятсыздыкты жоюуга аракет кылдык.
Дээрлик 11 жылдан бери Бешинчи каналдын командасында таланттуу, кесипкөй, кайдыгер эмес, акылдуу кызматкерлер эмгектеништи. Булар көгүлтүр экранга чыккандар гана эмес: көптөрү кадр артында кызматтанышса дагы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кичине болсо дагы салымын кошууга дайым умтулушкан. Андыктан биз алгылыктуу иш алып бардык деген пикирдебиз.
Биздин жергиликтүү, керек болсо чет жерде жүргөн күйөрмандарыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Силер бизге үмүт берип, курч темаларды сунуштап, бизди сындасаңар дагы күчтүү болушубузга жардам бердиңиздер. Телеканалга коз артып басып алуу аракеттеринен сактап калдыңар. Акыркы 11 жыл биз сиздер үчүн эмгектенип, көптөрүңөр менен достук мамилесин түзө алдык.
Булак:NazarNews.kg