www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тосмодон ашып киришкен түштүк кореялык студент-демонстранттар АКШ элчиси Гарри Харристи “бул жерден жогол” дешти. Айтылгандарга караганда окуя кечээ, 18-октябрда Сеулда катталган.

Анда айтылгандай, элчинин резиденциясына каршылык акцияга чыккан студенттердин он тогузун Сеул полициясы кармап кеткен. Учурда студенттер укук коргоочуларга сурак берип жатышат.

Белгилей кетсек, студенттердин нааразы болушуна ушул жылдын июнь айында АКШнын расмий бийлиги Түштүк Кореянын аймагындагы америкалык аскерлерди кармоо чыгымын төлөө талабын койгону себеп болгон. Бул АКШ лидери Дональд Трамптын “Американын союздаш баардык өлкөлөрү, алардын жерин коргогон АКШ аскерлеринин чыгымын көтөрүүсү керек” – деп билдиргенден кийин чыккан талап экени белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости