www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

•2-курсту аяктап, каникулга ата-энесине келген Элмира ала качуу запкысын кергөн. Кызды мотоцикл менен ала качкан балдар Элмиранын жазылып кеткен узун, коюу чачы мотоциклдин дөңгөлөгүнө оролуп калганын этибар алышкан эмес. Башынын ооруганына чыдабай кыйкырган кызга жигиттер маани да беришкен эмес. Чачынын бир топ бөлүгү баш териси менен кошо жолдон эле сыйрылып калганын качан гана жоолук салышмакчы болгондо көрүшкөн.,Жан кейитип, жин келтирген бул окуя сыртка чыгарылбай ошол жерден бас-бас болуп калган. Кийин Элмира дарыланганы менен аябай көп ооруп жүргөн. Натыйжада төрөт маалында жан берип, жашоонун эч кызыгын көрбөй кете берген.

•Индираны 17 жашында түн ичинде ала качышкан. Карылыгы келип калган ата-эне оозгу бөлмөдө жүктүн тубүндө, Индира болсо төркү бөлмөдө жаткан. Ала качууга келген 4 бала эшикти жулуп кирип, кары кишилердин үстунө жуктү кулатып салып, кызды төшөктөн көтөрүп кетишкен. Атасы эч нерсеге карабастан кыздын артынан жөнөгөн. Оор ж.үктөн чыга албай калган оорукчан эне жүк алдынан жан берген.

• Экзамендерин ийгиликтүү тапшырып. чоң окуу жайдын студенти болом деп,  камынып турган Назгулду коңшу айылдын балдары түн ичинде жууркан-төшөгү менен ала качмакчы болушат. 9-классты аяктаган иниси машинанын сыртында бутунан, Назгүлду аяш кылып алмакчы болгон балдар машинанын ичинде башынан тартып жатышып кыздын муунуп калганына да маани беришкен эмес. Качан гана кыркыраганын бирөөсү угуп калганда талашканын токтотушкан. Бирок анда кеч болуп калган эле. Назгүл ошол эяе жерден жан берген.

•  Айсалкынды ала качкан балдардын бирөөсү  байкабай машинанын эшигин катуу жаап, кыздын бутун эшикке кыпчып салган. Ошол учурда маани берилбегени менен кыпчылган жери бара-бара ириндеп, аягы кыздын бутун тизесинен ылдый кесип салуу менен аяктаган, Ушундан киййн өздөрунүн күнеөлөрун сезгендин ордуна "буту жок келиндин бизге кереги жок" деп кайын-журту Айсалкынды көчөгө чыгарып коюшат, Ошентип, он гүлүнун бири ачыла элек кыз бутунан эле эмес, бактысынан да куру жалак калган.

•  2018-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында 20 жаштагы Бурулайды 29 жаштагы Марс Бөдөшов аттуу жигит ала качкан. Көп  узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлумүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Бурулай Турдали кызы борбордогу медициналык окуу жайлардын биринде окучу. Туугандарынын айтымында, ал Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке түрмушка чыгууга даярданып жаткан. Сот Бөдөшовду Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Ала ка-чуу") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүу") боюнча 20 жылга күчөтүлген тартиптеги абакка кесип,  үй-мулкүн конфискациялоого өкүм чыгарган, Ал эми, ала качууга жардамдашкан анын досу Акмат Сейитов Кылмыш- жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмыш кылууга көмөккөрсөтүү") боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган. Бул тууралуу "De-Факто" гезити жашоодон алынган ачуу чындыкты  жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости