www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-октябрда Россиянын Красноярск аймагындагы Щетиникино айылында жайгашкан дамба жарылып, анда каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу баардык орус басылмалары жазышууда.
Андагы маалыматтарга ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 6:00дөр чамасында болгон.
Сайга дарыясына курулган дамбанын жарылып кетүүсүнөн улам каза болгондордун саны алгач 13 деп берилсе, акыркы сааттарга алардын саны 15ке жетти. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшүшкөн, алардын арасынан үчөөнүн абалы оор. Мындан сырткары 13 адамдын дайыны белгисиз бойдон калууда.
Учурда жергиликтүү бийлик кырсык болгон Щетинкино айылынын тургундарын башка жерге көчүрүп жатышат.
Жергиликтүү бийликтин тараткан маалыматы боюнча, дамба эч жерде катталабаган "Сибзолото" аталыштагы алтын казуучу холдингге карайт.
Красноярск аймагынын өкмөт башчысы Юрий Лапшиндин билдирүүсүнө ылайык, дамба кустардык ыкма менен, тагыраагы, кол менен курулган, эч кандай талаптарга жооп бербейт.
Учурда коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.
Белгилей кетсек, дамба жарылган айылда жалпысынан 180ден ашуун үй-бүлө жашайт.
Булак: NazarNews.kg