www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Тоң районундагы Бөкөнбаев айылына кире бериштеги «Боконбаево» деген жазууну кыргызча жазууну акимге тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Бүгүн, 6-февралда Бөкөнбаев айылында өткөн жыйында облус жетекчи социалдык тармактарда бул жазуу катуу талкууга алынганын айтты. «Бөкөнбаево деген жазууну кыргызча Бөкөнбаев деп өзгөртүп жазуу керек. Бул ишти Нооруз майрамына чейин бүтүрсөңүздөр», - деди ал. Мындан тышкары, жыйында айыл тургундар кадр маселесин козгоп, акчалуулар гана чоң кызматта отурганын, карапайым элдин жана билимдүүлөрдүн мүмкүнчүлүгү аз болуп жатканын айтышты. У.Жылкыбаев аким Т.Ажиевди премьер-министрге өзү сунуштаганын айтып, анын себебин ал кишинин жөндөмдүүлүгү жана буга чейин өз жумушуна так иштеп жүргөнү менен түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, Президент тарабынан жакында эле орус аталышындагы айыл аймактар кыргызчаланган.
Булак: NazarNews.kg