www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайненесин эжеси менен бирге өлтүргөн келин эми абакта 20 жыл отурмай болду. Ал эми келиндин бир тууган эжеси Ош шаардык соту тарабынан 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү бүгүн 2-февраль күнү чыкты
Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү 10.30дар чамасында Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 жаш чамасындагы аялдын сөөгү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан табылган. Өлүктүн башы жок экендигин жана текшерүү учурунда анын буттарын кесүүгө аракет жасалгандыгын милициядан кабарлашкан. Аялдын өлүмүнө шектелип 25 жаштагы келини жана анын эжеси кармалган. Маркум 51 жашта экендиги жана Чоң-Алайда туулган. Энеси уул-келини менен жашап келгени, ал эми кандуу окуя баласы ишке кеткен учурда болгондугу аныкталган. Келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, ага аялдын баласы менен келинин жашатпайм дегени себеп болгон.
Эске салсак, кайненесин жанын алган келиндин эки баласы бар. Ал 25 жашта. Кесилген келиндин айтымында ал үй-бүлөсүн сактап калайын деген.
Булак: NazarNews.kg