www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июлда түштөн кийин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен КСДП партиясынын мүчөлөрүн бириктирүүчү «Элдик штаб» аны колдоо үчүн пландалган митингге чогулушту. Бишкектеги «Медиа форум» имаратынын алдында өткөн митинг саат 18:25те жыйынтыкталды.

Андан кийин митингдин резолюциясын жана катышуучулардын талаптарын кыргыз жана орус тилдеринде окуп беришти:

1. Мыйзамсыздыкты токтотуп, мамлекеттик органдарды укуктук талаага кайтаруу;

2. Өкмөт токтоосуз отставкага кетип, элдик өкмөт түзүлүүгө тийиш;

3. УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилерин алмаштыруу;

4. Азыркы режимдин камакта мыйзамсыз отурган саясий оппоненттерин токтоосуз бошотуу, адилеттүү тергөөнү камсыз кылуу;

5. Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жогорку мансаптуу чиновниктерди жана депутаттарды люстрациялоо жүргүзүлсүн. Мамлекеттик аппаратты кармоо боюнча чыгымдар кыскартылсын.

6. Мамлекеттик жетекчилик кызматтарга прогрессивдүү ой жүгүртө билген жаңы адамдардын келүүсү камсыз кылынсын. Эски элита кетсин. Жаңы элдик лидерлер келсин.

7. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар 2 айлык мөөнөт ичинде аткарылбаса «Элдик штабга» бүткүл өлкө боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүсүн жана парламентти таратууну талап кылган массалык акцияларды өткөрүү тапшырылсын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости