www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тирүү жан болгондон кийин  кыйкылдатып сойуп жатса, же айбалта менен тап бергенде сөзсүз түрдө жан соогалап кыйкыраары жалпыга маалым. Айкырган эшектин үнүн түн ортосунда угуп калган кишилер шек санаганы бекерден эмес экен көрсө. Оңой акчанын кумарынын кулу болгон “касапчылар” далай эшектин “сообуна” калганы акыры билинип, эми ошол кайбарлар кантип кордук көрсөткөнү боюнча “кызыл шапкечендерге” сурак берип жатышканы калп эмес.  Арийне, мындай мыкаачылык биздин аймакта эмес  өзбекстандын бир кыштагында болуптур. Бирок, ушундай илдет башкаларга тарап кетпесин деп жан кейиткен маалыматты тындырбай жүктөп жатышат.

Ооба, бизде да ушуга окшогон окуя болуп өткөн. Эшекти кордогондордун башында турган Юрусланбек Тойчубековдун кабары эмдигиче билине элек. Чамасы бир жээнинин башкы “каарманы” катары  балким  уникалдуу тасмадан көрөттүрбүз. Анткени “атактуу жээни” ар качан  эшектерди эле эмес башкаларды деле дүрбөткөн документалдуу кинолорду тартам деп  эдиреңдеп жүрөт. Демек, эшекти кордогондорду  деле тартууга чыгынса өлө кызыктуу кино болмок. Керек болсо чоң сыйлыктарды эл аралык сынактарда жеңип алууга шарт түзүлмөк. Мындай сонун “идеяга” үлкөн каражат төлөсө деле кой дебейбиз. Азыр кылт эткендин баары сатылат.

Ал эми өзбекстандык  “сойгучтар” болсо жалаң манты (самса эмес)  майлуу лагман жасап атагы чыккан ашканаларды  “берекелүү” эт менен камсыз кылып турушчу  экен.  Биз деле ушул тамактарга узунубуздан жата каларыбыз белгилүү. Баары  эле манты, лагман жегиси келет да?  Ким билет, балким ошол “касапчылардын куйруктары” бизге да “ак кызматын” тартуулап жаткандыр? Себеби, оңой акча кайсы  жерге болсо да мурдунан сүйрөп жетелеп келет эмеспи? Эмнеси болсо да түн ортосунда озондоп кыйкырган эшектин үнүн уксаңар  шектүү жерди  тийиштүү жакка кабарлап койгула? Анткени жан кыйналганда эшектер түн уйкуну бузганга чейин барышат. Эгер тим туруп эле өлүмгө  баш байлап берсе коогалаңдуу окуя билинбей калмак...

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости