www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык "Forbes" журналы 2017-жылда эң көп киреше тапкан атактууларды аныктады. "Forbes"- жыл сайын дүйнө жүзү боюнча эң бай адамдардын тизмесин чыгарып турат. Быйылкы эсеп боюнча кирешеси миллиондорду чапчыган 5 атактуунун тизмесин жарыялайбыз.
1. Шон Комбс “Пи Дидди” (130 млн доллар)
47-жаштагы рэпер Пи Дидди (лакап аты) чыгармачылыктан тышкары ишкердик менен да алектенет. Жеке Sean John аталыштагы кийимдер линиясы, алкоголь чыгаруучу Ciroc брендинде үлүшү бар жана Revolt TV телетармагына ээ. Анын жалпы мүлкүнүн суммасы- 820 миллион доллар.
2. Бейонсе (105 млн доллар)
2016-жылы Бейонсе эң бай атактуулар тизмесинде 34-орунда болчу. Бул чоң секирик Formation турунан жана акыркы Lemonade альбомунан түшкөн кирешеден келип чыкты. Анын жолдошу Джей Зи быйыл 55-орунду гана ээлеген. Учурда түгөйлөр эгиздерди күтүүдө.
3. Джоан Роулинг (95 миллион доллар)
Белгилүү жазуучу кайрадан бул тизменин сап башына келгенине, “Гарри Поттер жана каргыш тийген наристе” пьесасы, “Сыйкырдуу жаныбарлар жана аларды кайдан табууга мүмкүн” тасмасынын чыкканы себеп.
4. Дрейк (94 миллион доллар)
Канадалык хип-хоп жылдызы 69-орундан 4-позицияга көтөрүлдү. Кирешенин көп бөлүгүн гастроль жана белгилүү Nike, Sprite жана Apple компаниялары менен келишим түзүп, кызматташуусунан тапкан.
5. Криштиану Роналду (93 млн доллар)
Футбол жылдызы быйыл бир тепкичке түшүп кеткени менен эң бай белгилүү 5 адамдын катарында. Роналду өздүк азык-түлүк фирмасына, ич кийим жана джинсы чыгаруучу брендке ээ. Жана Nike менен өмүр бойлук келишим түзгөн.
Булак: "5news.kg"