www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Атамбаев "НПФ Форум" ЖЧКсын сатты" деген маалыматты "Медиа Форум" ААКсынын жетекчиси болуп эсептелген Адилет Жумалиев төгүнгө чыгарды. Алдын ала белгилеп коёлу, эки "Форум" тең Атамбаевдики, болгону аттарында бир аз айырмачылыктар бар.
Төгүндөөдө башкы директор Жумалиев мындай деген: "имарат башка юридикалык тараптарга, анын ичинде "НПФ Форум" ЖЧКга тиешеси болгон эмес, азыр да тиешеси жок". Ошондой эле бул төгүндөөдө "компания жана анын мүлкү Бишкек шаарында, таптакыр башка юридикалык дарек боюнча жайгашкан. "Медиа Форум" ААКсынын жана "НПФ Форум" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү өндүрүштүк же башка бир да чөйрөдө кесилишпейт" деп айтылат.
Бирок, жогорудагы төгүндөөнүн психологиясына көңүл бурсак, Адилет мырзанын келтирген негиздери жөн гана суу кечпес, шашкалактаган актануу экенин көрөбүз. Тиешелүү маалыматка эгедер адамдар үчүн анын төгүндөөлөрүнүн өзүн төгүнгө чыгарган бир нече жагдайлар бар.
Биринчиден, "НПФ Форум" ЖЧКсы 1992-жылы түзүлгөнү бир нече ачык булактарда, алардын ичинде "Комсомольская правда" гезитинин 1996-жылдын 2-февралындагы санында жарык көргөн Атамбаевге арналган кенен материалда эскерилет. Ал эми Атамбаевдин резюмесинде болсо аталган фирманы 1989-жылы түзүп, жетектегени жазылган. "НПФ Форум" ЖЧК 1999-жылы "Промышленная группа "Форум"болуп кайра түзүлүп, Атамбаев анын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Юстиция министрлигинин сайты "НПФ Форум" 1998-жылдын 3-мартында катталганын көрсөтөт. Бул ката маалымат, министрликтин базасында ага чейинки каттоолору камтылбай, 1998-жылдагы кайра каттоодон өткөндөгү операция киргизилип калган. Кандай болгондо да жогорудагы даталар бул фирманын тээ 90-жылдардын башында түзүлгөнүн айгинелейт. Ал эми "Медиа Форум" ААКнын качан түзүлгөнү тууралуу так маалымат жок (минюсттун базасында да, башка ачык булактарда да).
Экинчиден, "НПФ Форум" башынан эле Алма-Ата көчөсү (кийинки Шабдан Баатыр, 7-апрель), 4-б дарегинде жайгашып келген. Ал даректе, баарыбыз билгендей, Атамбаевдин көп кабаттуу, көп кеңселүү имараты турат. Аны элдин баары "Форум" деп аташат. Ал эми андагы "Медиа Форум" деген жазуу салыштырмалуу кийинчерээк эле пайда болду окшой (муну эми так билгендер айтышаар).
Үчүнчүдөн, "НПФ Форум" ЖЧКнын да, "Медиа Форум" ААКнын да эсеп-кысабын бир эле адам - Сатыгул кызы Надира жүргүзүп келгенин расмий сайттар тастыктап турат. Бул эки ишкананын "ишмердүүлүгүнүн кесилишпегендиги" тууралуу билдирүүнү четке кагат.
Төртүнчүдөн, "НПФ Форум" түзүлгөндөн баштап 2018-жылдын мартына чейин (Пархатиге сатылганга чейин) Алма-Ата, 4б дарегинде отурукташып келди, ал эми жаңы кожоюнга өткөн соң Чүй проспекти, 113 дарегине жайгаштырылган. Бул факты "компания (НПФ Форум) жана анын мүлкү таптакыр башка дарек боюнча жайгашкандыгы" жөнүндө билдирүүнү жокко чыгарат.
Кызык, "Форумдун" сатылганы тууралуу маалымат эмне үчүн аларды козголоңго салды экен? Эмне үчүн болгон фактыны калпыс жомоктор менен будамайлоого жанталашышат?
Ал эми "НПФ Форум" ЖЧКсынын тарыхына кызыккандар үчүн бул фирманын өмүр баянынан кыскача үзүндүнү сунуш кылабыз. Ал мындай.
"Комсомольская правда" гезитинин 1996-жылдын 2-февралындагы №20 (21271) санын барактасак "НПФ Форум" ЖЧКсынын кантип пайда болгонуна жана миллионер Атамбаевдин кантип байыганын түшүнөбүз. Гезиттеги маалыматка ишенсек, "Форум" алгач 1992-жылы Жазуучулар союзунун Адабий фондунун башчысы Атамбаев тарабынан түзүлүп, Орусия тарабынан Союзду өнүктүрүүгө бөлүнгөн 5 млн рублдин эсебинен жеке өзүнө бир катар мүлктөр сатып алынган. Тагыраагы, каражат Союзду өнүктүрүүгө эмес, тескерисинче анын Москва көчөсүндөгү "Нооруз" кафесин, Арашандагы Чыгармачылык үйүн менчиктештирүүгө сарпталган. Жаңы эле түзүлгөн "НПФ Форум" ЖЧКсы Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан Жазуучулар союзуна таандык "Нооруз" адабий клуб-кафесин менчиктештирүүгө катышат. 1992-жылдын ноябрында Маммүлк фондунун төрагасы А.Тагаев "Нооруз" клубун акционердик коомго айланткан №371-токтомуна кол коёт. Кызыгы, жаңы түзүлгөн акционердик коомдун 19% акциясына атамбаевдик "Форум" ээ болуп чыга келет. Жазуучулардын адабий фондуна болгону 10% акция тиет. Көзөмөлдөөчү 51% акция ашпозчулар, кызматчылардан турган "эмгек жамаатына" берилет. Кийин ал көзөмөлдөөчү пакетти өз адамдары аркылуу Атамбаевдин колуна тийет. Калган 20% акция Биринчи Май райондук администрациясынын үлүшүнө тийет. Жеке колго өткөзүп алган кафе менен чыгармачылык үйүн түрктөргө ижарага берип, түшкөн каражатка "Кыргызавтомаш"АКнын, "Кормаш" ишканасынан, Канттагы тон тигүүчү фабриканын үлүштөрүн сатып алган.
Басылманын баяндоосу боюнча, барган сайын чөнтөгү калыңдаган Атамбаев андан ары 1993-жылы уюшулган "Ош-тамеки", "Жалал-Абад-тамеки" мамлекеттик акционердик коомдоруна түзүүчүлөрдүн курамына кирет. Бул ишканалардын башка түзүүчүлөрү Ош жана Жалал-Абад обладминистрациялары болгон, алардын акимдери А.Эркебаев менен А.Тагаевдер эле. Ал эми бул эки аким көпөс Атамбаевдин КСДП партиясынын мүчөлөрү болчу. Демек, бул жерде да Атамбаевдин жогорудагы ишканалардын киреше агымына отурушунда ийри колдор менен дос-туугандык фактор ойногонун аңдоого болот. Аталган эки мамлекеттик коом 1993-95-жылдары Кызыл-Кыядагы "Манас", Новосибирскидеги "Восток" ишканалары аркылуу Украинага ири көлөмдө тамеки экспорттоп, андан түшкөн 802 млн рубль "НПФ Форум" ЖЧКсынын Москвадагы банктык эсебине түшкөн. Ал каражаттар салыктан буйтап, бухгалтериядан жашырылып отуруп, андан ары сиңип кеткен.
Гезиттеги кызыктуу маалыматтарды андан ары уласак, А.Атамбаевге таандык "Сонун ИБ-ЛТД" фирмасы 1994-жылы Кыргызстанга балдар тамак-ашын сатып алабыз деген шылтоо менен 500 миң доллар насыя алат (кимден алганы жазылган эмес). Жарым миллион доллар кайра эле Украинага карай которулуп, андан ары "Медрос" аттуу фирманын эсебине кабылган. Балдар тамагынын ордуна өнөктөштөрү "Бакай" акционердик коомунун атына видеоаппаратураларды жана спирт жасоо үчүн меласса жөнөтөт. Ошондой эле, А.Атамбаевдин ысымы "Ош-Дюбек" акционердик коомундагы алдамчылыкка тиешеси бар деп да айтылат. Ал боюнча козголгон кылмыш ишинен кийин белгисиз жагдайлардан улам ага тиешелүү болгон зарыл документтер жок кылынган.
Жогорудагы маалыматтардан жыйынтык чыгарчу болсок, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "НПФ Форум" фирмасынын баардык атамбаевдик бизнес-империянын башатында турганын, Жазуучулар союзунун "Нооруз" кафесине, Арашандагы чыгармачлык үйүнө, "Кыргызавтомашка" ж.б. ишканалардын мүлктөрүнө түздөн-түз тиешеси болгонун көрөбүз. Демек, "Форумда" куурчак башкаруучунун ролун аткарган Адилет Жумалиевдин таркаткан билдирүүлөрү жөн гана фактыны будамайлоо тура.
Мүмкүн былтыркы жылдын февралынан бери эле бул кызматты аркалап келаткан Адилет Орозович "Форумдардын" мындай тарыхын билбестир. Андай болсо өзүнө чейин иштеген Болот Асанбаевден сурап алса болмок экен. Балким жетимиш таяп калган Болот аксакал аярлап айтып берээр беле.
Булак: NazarNews.kg