www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Турсунов узак оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу Өкмөттүн ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.
Жаныбек Турсунов 1933-жылы Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, эмгек жолун мугалим катары баштап, кийин мектептин директору, Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи катчысы болуп дайындалган. 29 жашында Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Компартиянын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болгон.
Жаныбек Жумалиевич Турсунов 1972-1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Журналисттер бирлигинин төрагасы болгон. Кыргыздын бир катар журналисттеринин насаатчысы жана устаты болгондугу маалым.
1963-жылдан 1993-жылга чейин алты жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
Булак: NazarNews.kg