www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Бүгүн Кыргызстан саясий партиясынын съезди болду. Мени конок катары чакырган эле. Конок болуп барсам болгон дөө-шаанын баары жүргөн экен. Баягы эле катардагы партиянын курултайы болуп жаткандай сезилген. Бир убакта Шаршенбек Абдыкеримов деген партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, атактуу Шаки байке Досум келип калды. Ал кишиге сөз бергенде элдин маанайын көтөрдү. Биринчиден Айсулуу Тыныбекованын алтынында чынында Шакинин эмгеги бар. Себеби, УОКко Президент болуп келгенден бери жана эркин күрөштүн президенти катары жакшы иштерди кылып жатат. Анан эл аралык олимпиада комитетинин президенттери менен тең ата сүйлөшүп чайлашып,майлашып жүрөт. Анан Кыргызстан партиясында демократия бар экенин көрсөтүп, Дастан Жумабеков менен Алмаз Баатырбеков экөөнү да кошуп, Канат Исаевди жалгыз кандидат кылбайлы деди. Бирок, Дастан менен Алмаз экөө өздөрү каалоосу менен төраганы талашпай бир добуштан биздин бир тууганыбыз Канат Кедейканович Исаев төрт жылга төрага шайланды. Андан кийин Консул ресторанына барып сый тамак беришти. Мени эң негизги кубантканы ордолуу Оштон атактуу Аскар Акаев досум келиптир. Учурашып сүрөткө түштүм...Мындай пикирин жаңы чыккан саясатчылардын катарын толуктап келе жаткан Жамалбек Ырсалиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.
Эске сала кетсек, кечээ 22-сентябрда «Кыргызстан» партиясынын съезди болуп өттү. Съездге 1175 делегат катышты. "Бай депутаттардын" арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду да төрдө кубанычы койнуна батпай, жүрөктөрү "дүкү-дүк" согуп олтурганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Баса, Курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп шайланды.
Белгилей кетсек, «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделип, аны атактуу ишкер, "алкомагнат" Шаршенбек Абдыкеримов түзүп, кыска убакыт аралыгында Путиндин чокусуна чыккан.
Андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аталган партиядан келген депутаттардын көбүн шыйракка чаап, айрымдарына "талкан" белек кылып, айрым депутаттардын тилине тизгин салган.
Баса, өлкөдө аттардын дүбүртү башталды. Анткени Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Учурда саясый партиялар жанданып, "кккк-кишенеп" баштады.
Учурда алгачкы маршты жымыңдап "Кыргызстан" саясый партиясы баштап койду, эми калгандарын күтө туралы. Кызык али алдыда. Ал эми айтымчы Света Тойгонбаеванын 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо туралуу айткандарын окурмандарга сунуштайбыз.
Булак: NazarNews.kg