www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу 22-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов маалымат таратты. Анын айтымында, чектен ашкан кылмышкер-бир туугандар СИЗО-1де сабалышканын четке кагышууда жана алар анда эч кандай таяк жебей эле бири бири керебеттен кулап кеткенин, экинчиси ажатканага бара жатып тайып жыгылганын айтышууда.
Албетте, алардын кандай гана актануусу болбосун, коомчулук үчүн кызык эмес, негизгиси алардын кылган киштери боюнча татыктуу жазаларын алышы эле маанилүү.
Эскерте кетсек, буга чейин эки бир туугандар - Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де катуу сабалганы боюнча маалымат тараган.
Алар 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жарандын кайрылган арызынын негизинде кармалганы, ал арызда ошол эле күнү, саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөнү айтылганы тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат тараткан.
Аталган окуя Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк бул берене Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) өзгөртүлгөн.
Окуя 28-августта болуп, ал эми 6-сентябрдын таңында кылмышка шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү барган.
Ал эми 10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери, тиги эки бир туугандын дагы бир тууганы - Казыбек Бапышев кармалган.
Эки бир туугандын “Жал” кичирайонунда эки жаранды аесуз сабап, ал гана гана эмес, бетине секирип тепкен видеосу соцтармакка тарап, элдин кыжырын келтирген.
Булак: NazarNews.kg