www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында окуучуну уурдоого аракет көрүү фактысы боюнча тиешелүү органдардын кызматкерлери ыкчам тактоо иштерин жүргүзүштү. Буга чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектептин окуучусу белгисиз адамдар аны уурдоого аракет кылгандыгы боюнча ата-энесине айтып, энеси Нарын ШИИБге арыз менен кайрылган.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын айткандары Нарын ШИИБ тарабынан иликтенип, жалган болуп чыкты деп билдирет "Турмуш".
Арыз Нарын ШИИБге 27-сентябрь күнү катталып, окуучунун маалыматын тактоо максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлдү.
«ШИИБдин кызматкерлери, психолог жана мугалимдердин катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн учурда окуучу жалган айтканын айтып берди. Ал ошол күнү үйүнө кеч кайткандыктан ата-энесинен коркуп, жалган окуяны ойлоп тапканын билдирген.
Азыркы учурда Нарын облусундагы мектептерде милиция кызматкерлери тарабынан мугалимдер, ата-энелер жана мектеп окууучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат Нарын ОИИБдин билдирүүсүндө.
Эске сала кетсек, Нарын шаарында 2018-жылдын 27-сентябрында, болжол менен саат 18:30чамасында Чкалов орто мектебинин жанындагы аялдамадан аталган мектептин 4 “д” классынын окуучусу Мелисбеков Адильханды белгисиз бир аял менен эркек сага, ата-энеңе акча керекпи? Бизге бир бөйрөгүңдү берсең акча беребиз деп алдап, жулкулдатып бара жатканда, белгисиз адам жашы 30-35 чамасындагы жигит Мелисбеков Адильханды алардан ажыратып калган.
Ал Нарын шаары Шералиев көчөсү 150 кв. 2 үйүндө, кызыл түстөгү ауди 100 үлгүсүндөгү авто унаа менен баланы жеткизип барган деген маалымат тарап кеткен.
Булак: NazarNews.kg