www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тай казанды алып салгыла, көк пар ойногула, ат бергиле, башка командаларга кыргыздар кошулбасын,"- деген бүгүн казактардын көк бөрү командасы элдин кыжырына тийди. Казактардын талаптарын соц тармакта ар ким ар кандай сындап жаткан убак.  Алардын бири Баяна Кулова:

- "Тай казанды алып салгыла, көк пар ойногула, ат бергиле, башка командаларга кыргыздар кошулбасын"... Казактардын ушул талаптарын угуп тамтаңдатпай эле кууп ийгилечи. Ушул турган жерге ат алып келе албаса эмнеге өпкөлөнүп сүйлөшөт. Ачык эле айтышпайбы биз утулуп калабыз, ошого кыялыбызды көрсөтүп атабыз деп. Каадаланып сүйлөшсө кыйын, аткарууга келгенде карайлап калышат. Кыргыздан көк бөрүнү талашып бүтүпсүңөр, өзүңөр көк бөрү тартчу улак болуп кетээрсиңер,- деп өзүнүн пикирин билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Казакстандан келген көк бөрүчүлөр 3 шарт коюп, эгер аларды аткарышпаса оюнга катышпасын билдиришкен. Алар кыргыздар башка мамлекеттердин атынан ойноп жатышат, бизге да кыргыз оюнчуларынан кошуп бергиле деп талап коюшкан болчу. Казак оюнчулары, ошондой эле, улакты тайказанга эмес жерге чийилген айланага таштайбыз жана биз аттарыбызды алып келген эмеспиз, ат менен камсыздагыла деген шарттарды коюшкан. Көк бөрү федерациясыаларга аттарды таап берип, бирок башка эки талаптарын орундатууга макул болгон эмес. Ушуга шылтаган казак көкпарчылары оюнга чыгуудан баш тартышкан.

Орусиянын командасында ойноп жатышкан кыргыздардын жарандыгы паспорттору аркылуу такталгандан кийин, акыры оюнга чыгууга аргасыз болушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости