www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоо жакындап, амбициясы барлар элди эстеп,аймактарды аралап ,камылга көрө баштагандан бери, кара жанын калкалап чет өлкөдө жүргөн Мелис Мырзакматовго жан кирди .
Маалымат каражаттары аркылуу маек берип, ак жеринен кодулоого туш болгонун айтып, ыйламсырап эл деген уулдарын коргой албайт дегенди кыйытып, карапайым калкка нааразы болуп, эмне кылаар айласын таппай убара.
Бул жоругу менен президенттик шайлоого ат салышкан аттуу баштуулар абал сурап калышса, кылмыш иштерин кыскартууга көмөк көрсөткөндөр болсо,шайлоодо жардам көрсөтөт элем дегенди айта албай жаткандай. Кыргызстанга да жашыруун келейин деп жатыптыр деген сөздөр да бекеринен айтылып жатпаса керек.
Сыяагы шайлоонун шарапаты менен кимдир бирөөнүн этегине жармашып,өлкөгө кайтып келүүнү көздөп жатат өңдөнөт.
Булак: "фабула"