www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" деп аталган толук метраждуу тасмасы Эстонияда өткөн эл аралык "А" классындагы "Караңгы түндөр" кинофестивалында баш байгени жеңип алган. Бүгүн аталган тасманын жаратуучулары атайын жыйын өткөрүшүп, фильм тууралуу айтып беришти.

Маалым болгондой, "Түнкү кырсык" Кыргыз кинематографиясынын тарыхында эң алгачкы болуп "А" классындагы кинофестивалда баш байгеге ээ болгон. "Кыргызфильм" тарабынан каржыланып, тартуу иштери 1 жылга чейин созулган бул фильм Ысык-Көлдө тартылган.

"Жашы өтүп калган кишинин жаш кызга болгон сүйүүсүн чагылдырган тасманы ар ким ар кандай кабыл алат. Бирок бул чыныгы сүйүүнү, таза сезимдерди даңазалаган тасма. Мен үчүн аталган фильмге тартылуу оңой болду. Анткени тасманы өз ишин мыкты билген чыныгы адистер тартышты", - деп билдирди башкы каармандын образын жараткан Акылбек Абдыкалыков.

Эстонияда өткөн кинофестивалдан кийин аталган тасманы дүйнө элине көрсөтүү үчүн көптөгөн сунуштар түшүп, кинофестивалдарга чакыруулар болгон.

"Биздин эмгегибиз эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, жогорку баага татыктуу болот деп ойлогон эмеспиз. Бирок аны жаратууда өзгөчө ыкма, башкача көз караш менен ишке ашырдык", - дейт тасманын экинчи режиссёру Асель Жураева.

Сценарий боюнча жашы өтүп калган бир айылдын жашоочусу жалданма адам өлтүргүч кызды жарадар болуп жаткан жеринен таап алат. Кызга бир нече убакыт бою кам көргөн кишинин жаш кызга болгон сезимдери ойгонуп, аны сүйүп калат.

Аталган тасма коомчулукка жакынкы күндөрү тартууланмакчы.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости