www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда бир туугандарынын мамлекеттик башкарууга таасири тууралуу суроолорго жооп берди.

Жээнбеков үй-бүлөдө он бир бир тууган болгонун, бирок азыр алардын сегизи калганын айтты. Бир туугандарын, анын ичинде иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду, башка ага-ини, эже-карындаштарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ишине аралашуусуна эч качан жол бербей турганын белгиледи.

"Бакиев менен Акаевдин тагдырын билем, мен алардай болгум келбейт. Алты жылдан кийин эл арасында жүзүм жарык болушун каалайм",- деди.

Президент бир туугандары өзүнөн кызмат сурабай турганын, баары өз үй-бүлөлөрүн багууга кудурети жетерин кошумчалады. Асылбек Жээнбеков өзүнүн артынан кандайдыр бир маселелерди, саясатты чечпей турганына токтолду.

Журналисттер менен жарандык активисттерди туугандарынын саясатка аралашуу аракеттерин билип калган учурда дароо кабарлоого чакырды.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен. Бүгүн Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын жетекчилери жана Тышкы иштер министрлигинде каттоодон өткөн чет элдик журналисттер менен жолугушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости