www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вечерний Бишкек" басылмасы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралат.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, басылманын мурунку ээси Александр Ким соттун буга чейинки чечимин кайра кароо тууралуу арызданган. Бишкек шаардык соту 8-августта аны канааттандырды.

Александр Кимге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.

Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган эле.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы анын басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Сот анын арызын канааттандырып, “Вечерний Бишкекти” толугу менен Александр Рябушкинге өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости