www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстандын Россияга болгон карыздарын кечүүнүн ордуна алар менен Ысык-Көлдү Россияга ижарага берүүнү макулдашыш керек, алар ушундай жол менен карызын төлөшү зарыл”, – деп билдирди журналисттер менен болгон жолугуусунда. Бул тууралуу Россиянын бийликтерине жакын болгон Регнум маалыматтык агенттиги билдирди.
19-январда Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын $240 млн карызын кечүү боюнча протоколду ратификациялоо маселесин караган.
“Алардын карыздарын кайра эле кечип жатабыз – аларга карыз бербеш керек. Дегеле эч кимге карыз бербеш керек, алардын ордуна Россия гүлдөп-өсүшү зарыл, ошондо алар бул жакка, бактылуу жана бай мамлекетке жашаганга өздөрү качып келишет. Антпесе Россиянын көп жерлери жакырчылыкта жашап жатса биз башкалардын карыздарын кечип жатабыз”, – деди Жириновский.
“Мен Кыргызстанга эбак эле “силерде Ысык-Көл деген көл бар, ошону Россияга 99 жылга ижарага бергиле, ошондо силер карызыңарды жабасыңар” деп айткамын. Биз Ысык-Көлгө биздин пенсионерлерди, майыптар менен студенттерди эс алууга бекер жөнөтөбүз,” – деди Владимир Жириновский.
Булак:NazarNews.kg