www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш жазында таратылышы мүмкүн. Мындай оюн саясий серепчи Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын пикиринде, президенттик шайлоодон кийин парламенттеги саясий түзүлүш менен коомдук саясий архитектурада дал келбөөчүлүктөр орун алууда.

"Азыр Жогорку Кеңеште алты фракция бар. Бирок өткөн президенттик шайлоодон кийин коомдо андай конструкция жок. Ошондуктан, парламент коомдогу саясий архитектуранын күзгүсү боло албай калды. Элдеги саясий архитектура парламентте башкача болууда. Эл аралык тажрыйбада дайыма коом менен парламент архитектурасы бирдей болушу керек", - деди Бакетаев super.kg берген маалыматында.

Бакетаев билдиргендей, акыркы мезгилде парламентте отурган айрым партиялар коомдун колдоосунан ажырап калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости