www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын жолдорунда катталган акыркы беш айдын ичинде жол-кырсыктарынын кесепетинен көптөгөн жөө жүргүнчүлөрүбүз жабыр тартууда.

Жүргүзүлгөн анализге таянсак баардыгы 910 жол-кырсыгы катталса, алардын ичинен каза тапкандары-23 жаран, 1107 жаран жол-кырсыктарынын кесепетинен жапа чеккендер. Катталган жол кырсыктарнынын 56% жөө жүргүнчүнүн сүзгөндөр болууда. Жалпысынын катталган 510 жол-кырсыгы, жөө жүргүнчүнүн катышуусунда болуп, анын ичинен 13 адам каза тапса, 521 жараныбыз ар кандай жаракат алышкандар.
Жогорулардын негизинде жана жарандарыбыздын ден-соолугун, өмүрүн сактоонун максатында айдоочулар жана жөө-жүргүнчүлөр арасында жол-эрежелерин бесем сактап жүрүү, алардын ичинен жөө-жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү эрежелери боюнча эскертүү, түшүндүрүү, профилактикалык иштер “Жөө жүргүнчү” аталышта Бишкек ШИИББнын Патрулдук милиция менен милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр боюнча тескөөчүлөр менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында 2017-жылдын 12-июндан баштап рейддер жүргүзүлөт деп билдирет Бишкек ШИИББнин ПМБнын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости