www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Экмат Байбакпаев: "Жыл сайын электр энергиясынын тартыштыгы 10 пайыздан жогорулоодо"

"Жай олтуруп баарлашуу" долбооруна катышкан Жогорку Кеӊештин депутаты Экмат Байбакпаев азыркы учурда Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 1-1, млрд. кВт/саатты түзөрүн белгилеп: "Мындай көрсөткүч жыл сайын 10%дан жогорулоодо жана 2020-жылга карата болжолдоолорго ылайык электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд. кВт/саатты түзүшү мүмкүн", - деди.

Ал мындай жагдай электр энергиясын пайдалануучулардын санынын арбышынан, Кыргызстан мурда электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, акыркы жылдары коӊшуларга импорттой баштагандан улам болгонун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы энергия системасынын жабдуулары эски. Бүгүнкү күндө, жабдуулардын 20%ы эскирген, алсак, "Чакан ГЭС" станциясынын бул көрсөткүчү 80 пайызга жетет.

Буга катар, депутат келечекте бирдиктүү Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан электр линияларын камтыган CASA-1000 долбоорунун алкагында тиешелүү милдеттемелер да бар экенин эске салып, чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап нормативдик-укуктук базаларды түзүү зарылчылыгын кошумчалады.

Эске салсак, кошумча электр булактарын киргизүү багытында аталган мыйзам долбоор атайын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.   Алсак, электр энергияны кошумча иштеп чыгуунун натыйжасында, 2020-жылга чейин 40-70МВт кем эмес ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолору пайдаланууга берилет.

"Аталган мыйзам долбоору жакынкы аралыкта Жогорку Кеӊештин тармактык Комитеттеринин жыйынында каралат" - дейт Э.Байбакпаев.

Булак: "kenesh.kg"

Последние новости