www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раданын мурдагы депутаты Илья Кива өзүнүн Telegram-каналына Польшанын TVP1 телеканалы Украинаны картада бөлүп көрсөткөн сүрөтүн жарыялады.

РИА Новости билдиргендей, Кива ал Батыштын мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүнүн чек арасын өзгөртүүгө даярданып жатканын көрсөткөн белги экенин айткан.

"Бул Польшанын телеканалы жарыялаган карта. Батыш эмнеге даяр экени жана биз буга чейин айтып жаткандын баары көрсөтүлгөн", — деп жазган экс-депутат.

Мурдагы депутат телеканал картаны кандай мааниде бергенин так айткан эмес.

Кива жарыялаган сүрөттө байкалгандай, Польшанын курамында Украинанын Львов, Иван-Франковск, Волынь, Ровно, Тернополь облустары көрсөтүлгөн.

Картаны түзгөндөр Румыниянын курамына Чернов облусун, Венгрияга Закарпатьени кошкон. Одесса, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетровск жана Харьков облусу жана Донбасс Россияга киргендей көрсөтүлгөн.

Польша телеканалынын версиясы боюнча, эгемендүү Украинанын курамында өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактары гана калган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун аскерлерин Украинага жибериш керек деп жаткан Польша бийлиги бул мамлекеттин батышында орун алгысы келгенин айткан. Бул иш-аракет түздөн-түз Россия менен альянстын кагылышуусуна алып келет.

Буга чейин АКШ президенти Жозеф Байден Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айткан. Бирок ал Украина мындай кадамга барбайт деген ишенимин билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости