www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтты. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУ саммитинде билдирген.

Ал Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

"Эмомали Шариповичтин айтканына караганда, Кыргызстандын президенти менен чек ара маселесин сүйлөшүүдө жылыш бар. Эгер биз чыныгы жоопкерчиликтүү уюм болобуз десек, анда бул чыр-чатакты жоюш керек. Биз өз чөйрөбүздө бул маселелерди чечип алдыга жыла албасак, анда колубуздан эмне келет? Ошондуктан бул багытта олуттуу кадамдар жасалышы керек", —деген Лукашенко.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрө турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости