www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда кырдаал оор бойдон калууда. Согушкерлеринин ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ооганстандагы кырдаал боюнча кеп кылган кесиптештеримдин тынчсыздануусуна кошулам. Абал чынында оор. Ар кандай эл аралык террордук уюмдардын ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу мурдагыдай эле жогору. Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын арасында экстремисттик идеологиянын жайылышы аймактагы радикалдык күчтөрдүн активдешүү коркунучун күчөтөт", — деген Путин.
Ал саммитке катышып жаткандарды афган көйгөйү менен биргелешип күрөшүүгө чакырды.
"Ооган маселесинин бардык аспектилери боюнча ЖККУнун алкагында мындан ары да тыгыз байланышта кызматташуу керек деп ойлойбуз. Терроризм, экстремизм жана баңги кылмыштарынын коркунучтарын өз убагында аныктоо үчүн компетенттүү кызматтар аркылуу иштеше берүүнү улантуу зарыл. Анан сөзсүз биргелешкен атайын операциялардын жардамы менен бул коркунучтарды жок кылуу керек", — деген РФ президенти.
Путин Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган. Башкы тапшырма — өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүү.
Булак: NazarNews.kg