www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экология маселесин, тактап айтканда, Бишкектеги түтүн маселесин, өзгөчө жылытуу мезгили келгенде эмне болуп жатканына депутат Марлен Маматалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында токтолду.

"Смог күз-кыш мезгилинде гана байкалат (октябрдан февралга чейин). Түтүндүн негизги компоненти күкүрт кислотасы аэрозолу менен айкалышкан күкүрт газы болуп саналат. Бул аралашма дем алганда, күкүрт газы өпкө альвеолаларына жетет жана аларга зыяндуу таасир этет.
Уулуу түтүн толугу менен баштапкы булгоочу заттарга көз каранды жана ал күйүүчү майдын көп күйүшүнөн келип чыгат.
Акыркы жылдары абанын сапатынын индекси боюнча Бишкек жылытуу мезгилинде абасы кыйла булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунда турат. Абанын сапатынын начардыгы ден-соолукка олуттуу кесепеттерге алып келет, анын ичинде балдардын астма оорусунун көбөйүшү жана дем алуу органдарына байланыштуу оорулар.

Жогоруда айтканымдай, бул биздин жана кийинки муундардын ден-соолугу чың болуу үчүн жана таза, коопсуз шарттарда жашоосу үчүн абдан маанилүү фактор. Ошондой эле биздин өлкөгө келген туристер ырахаттануу менен келип, өздөрүнүн ден-соолугу үчүн кооптонуу болбошу керек.
ПРООНдун акыркы изилдөөлөрүнө ылайык, 2020-жылдын 22-декабрынан 2021-жылдын 7-ноябрына чейин АКШ Элчилигинин анализаторунун сенсорлору көрсөткөндөй PM2.5 (диаметри 2,5 мкмден аз майда бөлүкчөлөр) кышында суткалык орточо концентрациясынын өтө жогорку деңгээлине (болжол менен 1000 мкгм3) жетет жана жылытуу мезгилинин аягында (2021-жылдын февраль-марты) азаят. Орточо суткалык концентрациясы (болжол менен 100 мкг/м3).  
PM 2.5 – абаны булгоочу болуп саналат, анын курамына сульфаттар, нитраттар, оксиддер ж.б. зыяндуу химиялык элементтер кирет.

Бишкекте Clarity сенсорунун жети айлык мөөнөттөгү маалыматтарынын негизинде (2021-жылдын 16-февралынан 16-сентябрына чейин) көрүнүп тургандай, жылытуу мезгилинен тышкары PM 2.5 концентрациясы Бишкектин түштүк жана чыгыш аймактарында шаардын батыш жана түндүк аймактарына салыштырмалуу төмөн.

Окумуштуулар жыл сайын дүйнө жүзү боюнча шаарларда миңдеген өлүмдөр абанын булганышына байланыштуу деп эсептешет. Бул абдан зыяндуу жана коркунучтуу. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ВОЗ) акыркы эсептөөлөрүнө ылайык, абанын булганышы жыл сайын 7 миллионго жакын адамдын өлүмүнө алып келет. Ошондуктан экология ден-соолук үчүн эң чоң коркунучтардын бири болуп эсептелет (ДСУ, 2021b). Глобалдык оорчулугунун индикаторлоруна ылайык, Кыргыз Республикасында 2010-2019-жылдар аралыгында жыл сайын өлүмдүн 12-13% пайызы (болжол менен 4100-5000) абанын булганышынан улам болгон (IHME, 2022).

Өз кезегинде ЮНИДОнун ден соолук жана айлана-чөйрөнүн булганышы боюнча иш-аракеттер планында (2019-ж.) Кыргыз Республикасындагы абанын булганышы ден-соолукка дээрлик 388 миллион АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтиргени белгиленген. Бул 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын улуттук дүң кирешесинин 6 % пайызына жакынын түзөт (Кыргыз Республикасы 2019-ж.).
Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш 2019-жылы 26-декабрында №3477-VI токтомун кабыл алган. Биз бул маселени изилдеп көрүп, түтүн төмөнкү факторлордун натыйжасында пайда болот деген жыйынтыкка келдик:

1. Бишкек шаарындагы ЖЭБдин (ТЭЦ) чыгындыларынын абанын сапатына тийгизген таасири;

2. Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан газдардын абанын сапатына тийгизген таасири;

3. Турмуш-тиричиликти жылытуудан чыккан чыгындыларынын таасири; (ЖЭБ эмес)

4.  Шаардык мусор полигонунда таштандыларды өрттөө.

Бул факторлор азыр далилденген жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Бишкектеги абанын сапаты" баяндамасында жарыяланган. Эмиссия булактарын баалоо жана абанын сапатын башкарууну илгерилетүү боюнча жол картасы. 2022-жылдын октябрь айы.

Кийинки фактор, бул турак жайлардагы үй жылытуу көйгөйлөрү. Биз өкмөткө, мэрияга, "Газпром" ЖЧКга насыя түрүндө – бекер газ от казандарын берүүнү тапшырдык. Адамдар туташа алышпайт, анткени бул карапайым жаран үчүн өтө кымбат, ага болжол менен 80-90 миң сом сарпталат. Эгер газ менен жабдууласак, ай сайын төлөмдү бөлүштүрсөк, анда жарандар алган насыясын оңой төлөй алышат. Бирок биз түтүн көйгөйүнөн алыс болуп, калкыбызды толук газдаштырууга өтөбүз. Ишенсенизидер, эгер сиз бул программаны иштетсеңиздер, көптөгөн адамдар газ жабдууларын сатып алууну жана туташууну каалашат, анткени алар да көмүрдү дайыма колдонуп коюп отургусу келбейт, өздөрүнө да, адамдарга да зыян келтиргилери келбейт.
Жеке мончолорго келсек, бул жерде газ менен жылытууга өтүүнү каалабаса, сөзсүз фильтрлерди орнотууга милдеттендирүү керек. Мамлекет текшериши керек.

Биринчи көйгөй ЖЭСтин (ТЭЦ) сапатсыз көмүрдү колдонушу болду деп айттык. Президент өзү бул маселеге кийлигишкенден кийин ЖЭБ (ТЭЦ)  сапатсыз көмүрдү же ошол эле чаңды ташып келүүнү токтотту. Балыкчы шаарына жаман көмүр ташып келип, кадимки кум менен аралаштырып, өрттөп жиберишкен. Кар жааганда кар менен кошо көмүр чаңы да түшкөн. Бул факт тарыхта болгон, болуп келген жана сакталып калган. Азыр бул маселе жабык. БУУӨПтүн (ПРООН) отчетторунда дагы ушул факт бар.

Мисалы, 2021-жылы Бишкектин ЖЭБинде (ТЭЦ)  жалпы күкүрт кычкыл газынын (SO2) болжол менен 55 пайызын, азот кычкылынын (NOX) 10 пайыздан азын жана майда бөлүкчөлөрдүн (PM2.5) 5 пайызын түзгөн.
Дагы бир фактор - бул унаа катализаторлорунун көйгөйлөрү. Унаа катализаторлорду жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө жарлык болгон. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, ал иштебей жатат, унаа катализаторлордун жүгүртүүсү уланууда. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча дагы бир жолу тапшырма берүү зарыл.

Шаардык калктын жана автоунаалардын санынын көбөйүшү трафиктин күчөшүнө, эмиссиянын көлөмүнө жана азот диоксидинин концентрациясынын жогору болушуна алып келди (АТ2).

БУУӨПтүн (ПРООН) отчетунун кадастрына ылайык, автомобиль транспорту Бишкек шаарындагы азот оксиддеринин (NOX) эң маанилүү булагы, ошондой эле майда бөлүкчөлөрдү (PM2.5)  чыгаруунун олуттуу булагы болуп саналат. Автомобилдик эмиссиялар абага жер деңгээлинде да кирет жана бул алардын абанын сапатына олуттуу таасирин жарым-жартылай тийгизет.

Полигондо таштандылар жана желим баштыктар күйүп жатат. 

Таштандыларды контролсуз күйгүзүү көптөгөн уулуу кошулмаларды жана канцерогендик абаны булгоочу заттарды, мисалы, полициклдүү ароматтык углеводороддорду пайда кылат. Бул адамдардын, өзгөчө жакын жерде жашагандардын ден соолугуна коркунуч туудурат.

Урматтуу Төрага! Бул маселени кийинки отурумдун күн тартибине коюп, ушул маселелер боюнча токтомдун аткарылышы боюнча жооптуу комитеттин отчетун алып, андан кийин токтомдун аткарылышын карап чыгуу үчүн Палатанын отурумуна алып баруу максатка ылайыктуу болмок. Анткени БУУӨПтүн (ПРООН) акыркы ишенимдүү изилдөөлөрүнө таянсак, бул ден-соолукка өтө зыяндуу, өлүмгө алып келүүчү ооруларга, рак ооруларына, генофондубуздун генетикалык мутациясына алып келет", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости