www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Тажикстан куралдуу күчтөрүн жаңылоо жана тажик-ооган чек арасындагы абалга тиешелүү маселелерди көтөрдү.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Тажикстан башчысы Москвага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине барган.
"Орусия Тажикстандын негизги соода жана экономикалык өнөктөшү бойдон калганын кубануу менен белгилегим келет. Былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 45% өскөн. Быйыл үч айда 70% чейин өстү", - деди Путин.
Өз кезегинде Эмомали Рахмон Тажикстандын куралдуу күчтөрүн жаңылоо программасын ишке ашыруунун жүрүшүн жана тажик-ооган чек арасындагы абалды талкуулагысы келерин айтты.
“Мындан тышкары эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алышууга даярмын”, - деди тажик президенти.
Кремлдеги жолугушуудан бир нече күн мурун Тажикстан аймагына ооган аймагынан бир нече снаряд же ок атылган. Бул окуядан кийин Тажикстандын чек ара аскери урушка киришүүгө толук даяр тартибине өткөн.
Путин менен Рахмондун сүйлөшүүсү ЖККУнун саммити алкагында өттү. Саммитке уюмга мүчө алты өлкөнүн лидерлери катышты.
Булак: NazarNews.kg