www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Жогорку  Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасында Либералдык-демократиялык фракция Конституцияга өзгөртүү киргизүү жараянын баштоону сунуштады. Бул маселе 16-майда фракциянын жыйынында талкууланды.

Партиянын расмий сайтында айтылгандай, жыйында президенттин конституциялык реформаларды жүзөгө ашыруу жөнүндөгү пикири сөз болду.

Расмий билдирүүдө Өзбекстандагы реформалардан кийин Негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жаралганы белгиленген.

Өзбекстандын 1992-жылы 8-декабарда кабыл алынган Конституциясына 16 жолу өзгөртүү киргизилген. Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин да башкы мыйзам толуктоолорго жана өзгөртүүлөргө дуушар болгон.

Атап айтканда, 2017-жылы сот системасын жаңылоо, 2019-жылы “өкмөттү демократиялаштыруу” үчүн жаңы эрежелер киргизилген.

Шавкат Мирзиёев 2021-жылы экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин конституциялык реформалардын зарыл экенин кайрадан айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости