www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин Асрандиев!

Буга чейин мен сиздин ким экенинизди билбептирмин. Кечээки сиздин мен жөнүндө берген маалыматыңыздан кийин карап чыктым, сиздин ким экенинизди, каерде иштегениңизди. 2008-жылдан 2016-жылга чейин банковский системада иштеген экенсиз. Иш тажырыйбаңыз көп болгон менен, али да болсо банктын закондорун жакшы билбейт окшойсуз. Ысык-Көл банкта мен бүгүнкү күнгө чейин акционермин. Мен банктын акционери катары сизден отчёт талап кылам: 2013-жылы консерватор болуп барыпсыз, эмне иш кылдыңыз? Канча маяна алып иштедиңиз? Өзүңүздүн ары бери жүргөнүңүзгө канча акча сарптадыңыз? Кыскача айтканда акционерлердин канча акчасын сарптадыңыз?

Эми айтып атасыз Жапарова Райкуль, Максим Бакиев жана анын жакындары менен незаконный операцияларды жасаганын көрдүм деп жатасыз. Мен сизден талап кылам, мен кандай незаконный операцияларды, качан жана ким менен жасаптырмын? Документтердин негизинде тактап берсеңиз. Сиз көчөдө жүргөн адам эмессиз да, буга чейин Вице-премьер-министр болуп иштеп тургансыз, ошондуктан документтердин негизинде сүйлөп иш алып барсаңыз жакшы болот эле. Мени аябай таң калтырганы, сиз эмне үчүн 2013-жылы консерватор болуп турган кезде айтып чыккан жоксуз? Андан бери 7 жыл өткөндөн кийин айтып атасыз?

Андан сырткары банкта незаконный операциялар жасалганын Садыр Жапаров билген деп жатасыз. Эмненин негизинде Садыр Жапаров билиш керек? Банктагы жасалган иштер банктын клиентинен бөлөк адамга эч качан берилбейт. Банк Садыр Жапаровдун же Райкул Жапарованын менчиги эмес да. Сиз банк системасында 8 жыл тажырыйбаныз бар экен, бирок банктын закондорун жакшы билбейт окшойсуз. Билбесеңиз айтып коеюн, мындан ары балким сизге пайдасы тийип калышы мүмкүн. "Банковская тайна" дегенди жакшылап изучать этип алыңыз.       

Калыстык үчүн айтып койсоңуз болмок экен, ошол мен иштеген 3 жылдын ичинде банктын кандай темпте өскөнүн. Сиз айтпасаңыз, эми мен айтып кетейин.

Мени банкка акционерлер 2007-жылдын август айында Председатель Правления кылып шайлашты. 2010-жылдын апрелине чейин иштедим. Мага чейин банк прибыль жок иштеп келген. 2009-жылдын жыйынтыгында 135 млн доход алдык. Депозиттерди 200 мин сомдон 1 млрд сомго чейин жеткиздик. Уставной капиталды 60 млн дон 271 млн го чейин көтөрдүк. Банк акыркы 22-орундан алдынкы 10 банктын ичине кирди. Канча миллиондогон налогдорду төлөдүк. Өкүнүчтүүсү, сизге окшогон консерваторлордун айынан банкты банкрот кылып тындынар.

Райкүл Жапарова

Эскерте кетсек, буга чейин мурунку вице-премьер-министр Эркин Асрандиев эмне үчүн Садыр Жапаровдун командасында иштөөдөн тарткандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости