www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги №47 колониясынын алдына мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Бул тууралуу Рита Борбукеева социалдык тармактагы баракчасындагы түз эфир маалында билдирди.

Анда чогулгандардын арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева дагы келгенин көрүүгө болот. Раиса Атамбаева колонияга хризантема гүлүн көтөрүп келген. "Ал хризантема гүлүн жакшы көрөт" деген Раиса Атамбаева. 

"Келген жарандар Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугун сурап коелу деп келишкен. Арасында кичинекей балдардын дагы сүрөттөрү, каттары бар. Бул жакта Алмазбек Атамбаедин өзүнө таандык "Кыргызстан" ыры жаңырууда" , - дейт түз эфирди алып барып жаткан Борукеева. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости