www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимов премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди.
Себеби, 2017-жылдын 23-ноябрында Исаков мыйзамсыз түрдө Матраимовду кызматтан алганы, бул боюнча эч кандай негиздерди келтирбегени, укукту тебелөө менен жеке саясый кызыкчылыкты аткарганы айтылууда. Факт жүзүндө премьердин утулуп калуусу алдыртан болжонууда.
Эске салсак, Райым мырза кызматтан кеткенден кийин дарыланып, бир катар командировкаларда жүргөн. Эми убакыт-сааты келген соң, сот аркылуу Сапар Исаковдун мыйзамсыз ишин ашкерелеп, коомчулукка сенсация жаратканы турат.
Дал ушул боюнча гезиттин кийинки санына Райым Матраимовдон расмий билдирүүсүн алууга аракет кылмакчыбыз.
Акын БЕКЧОРОЕВ
Булак: АЗИЯnews