www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-январда “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Фейсбук баракчасына мындайча билдирүү жазган:
“Душмандашуунун да өзүнчө эрежелери бар... Кечээтен бери Райым Матраимов боюнча төмөнкүдөй жалган кабар таратышып, бактысыз пенделердин кычуусу кангандай сезилди. Мен бүгүн Райым байке менен сүйлөштүм, Бишкекте эле жакшынакай жүрөт. Бул имиш боюнча айтсам, күлүп койду. Сыягы, ал мындай жалган маалыматтарга көнүп деле калганын, маани бербей турганын байкадым. Ток этери, Райым Матраимовдун артынан канчалык ушак-айың кептер ээрчиген сайын, анын кадыры ошончолук өсүп атканы жашыруун эмес. Ал эми кыянаттык кылууга ашыккандар эртеңки күндөрүн ойлоп коюшса...” деп.
Бизге белгилүү болгондой, Райым Матраимовду “качты” деген кептер жалган болуп чыкканын тастыктамакчыбыз. Кыскасы, “мындай аракетти” көралбас адамдардын утурумдук провокациясы катары кабыл алдык.
Булак: NazarNews.kg