www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимов: «Мыйзамдын астында өзүм жооп берүүгө даярмын, бүт жерди текшерсин, Кудайдын астында колум таза», - деди.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 20-октябрында бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Коррупцияга каршы кызматы тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, УКМК имаратына алынып келинген. Бул тууралуу маалыматты УКМК Басма-сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн тергөө иш чараларынын алкагында Р.Матраимовдун кылмыштуу иш аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. Р.Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.
Белгилей кетсек, Р.Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду.
Кечээ, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.
Булак: NazarNews.kg