www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Сузак районуна 100 тонна ун, 10 тонна өсүмдүк майы, 30 миң бет кап (маска), Кара-Суу, Ош, Баткен жергесине да ушундай жүздөгөн тонна азык-түлүк жөнөтүлө тургандыгын Нургазы Мусаев жазып чыкты.
Эске сала кетсек, учурда дүйнө жүзүн коронавирус каптады. 2020-жылдын 21-мартына карата COVID-19 менен жабыркагандардын абалы: жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 275 429дун тегерегинде болсо, каза болгондор 11 397 кишини түздү.
Илдет боюнча ТОП-10дук:
1) Кытай - 81 281
2) Италия - 47 021
3) Испания - 21 571
4) Германия - 19 848
5) Иран - 19 644
6) АКШ- 19 624
7) Франция - 12 632
8) Түштүк Корея - 8 652
9) Швейцария - 5 544
10) Улуу Британия- 4 014
Аны менен бирге КРнын СOVID-19 боюнча Республикалык штабынын расмий маалыматына караганда Кыргызстанда коронавирус менен жабыркагандардын жалпы саны 12ге жеткен. Бул тууралуу маалыматты Telegram-каналындагы @coronavirusinfoKGZ тайпасы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын жана карантиндин талаптарын бузбоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg