www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган.

Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Маалым болгондой, сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. Ал июндун аягына чейин камакта калмай болду.

Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.

Матраимовго январда издөө жарыяланып, кийин апрелде колго түшүрүлгөн. УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости