www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алган азыктар

Күрөң күрүч рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун төмөндөтөт. Бул тууралуу FoodNews порталы жазып чыкты.

Изилдөөгө ылайык, күрүчтөгү селен жана магний заттары артериядагы холестериндин топтолушун алдын алат. Мындан сырткары, күрүчтүн курамындагы антиоксиданттар сезгенүүгө каршы таасир берип, эмчек жана жоон ичеги рагына чалдыгуу коркунучун азайтат.

Диетологдордун айтымында, күрүч ошондой эле белокторго, минералдарга жана клетчаткага бай болот. Ал ичегинин иштешин нормалдаштырып, кандагы канттын деңгээлин калыбында сактайт.

Адистер күрүчтү орточо көлөмдө колдонуп, гарнир катары колдонууга же шорпо менен салаттарга кошууга кеңеш берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости