www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кырсыкты кандай кылалы,
Кыйрады, учак кулады.
Кыйырлап тийген жердеги,
Кырк үйдүн өчтү чырагы,
Кыйылып гүлдөй өмүрлөр,
Кырчындай жаштар сулады.

Бир айыл турду өкүрүп,
Бүт кыргыз журтту өкүнүп.
Боло албай бирге дегендей,
Боорубуз турду эзилип.
Калабалуу жер экен,
Канткенде чыктык көчүрүп.

Илгертпей жеткен кабары,
Илимдин экен заманы.
Учактан чыккан түтүндөй,
Ушак чын элге тарады.
Апыртып алты ооз сүйлөбөй,
Акылга бир аз салалы.

Ый-муңун тарткан тең бөлөм,
Ызалуу журтка эмне дейм?
Талканы чыккан жерде ошол,
Таксыры болбой эл менен.
Тоокчо көрбөй кырылган,
Тоготуп басып келбеген.

Аэропорт жакын, ыраакпы?
Же ат минип жүргөн убакпы?
Азалуу элди чакыртып,
Ак үйдөн элди жубатты.

Кордогондой иш кылды,
Кокондун беги сыяктуу
Ата салт мурас жобону,
Аттаган менен болобу.
Акылман кыргыз калкыма,
Акындын койгон соболу:

Кайсы элдин ханы өз башын,
Калкынан койгон жогору?
Учактай жерде кулатпай,
Уу-дуу сөз жылат тумандай.
Жалтактап чоңдор жүрөт дейт,
Жашыруун сөздү чыгарбай?..

Себетти салып кеткендей,
Секрет экен бул кандай?
Өзгөчө сыр го жашыруун,
Өзүмдүн жетпейт акылым.
Табышмак ишти так билген,
Татардан эмес катыным.
Шыр эле ырдап чыгам го,
Шыбырап койсонор акырын

Ойлонуп чогуу чечели,
Ойт берип дагы кетеби?..
Учактын жүгү далайдын,
Уйкусун бузган кезеги.
Актасын сөзүн эркекче,
Алдыга салсак Текени.

УКМКа кулак түрбөсүн,
“Дежурлар” дүрдөп жүрбөсүн.
Жарга аны такап калганда,
Жалтанып кетип жүрбөсүн.
“Текени” сактап калалы,
“Терисин сыйрып” ийбесин.

Күрөшүп жаткан жеке эле,
Күч берсин Кудай “Текеге”.
Чыкса актайт калган күнөөсүн,
Жыгылса кетсин Меккеге!
СИЗОдон чыгып эртереек,
сүзсө экен баарын ЧЕКЕГЕ.

Автор Рахман Разыков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости