www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рахмат айтуунун биз билбеген артыкчылыктары

Ыраазычылык билдирүү – күндөлүк турмушубуздагы маанилүү изгиликтердин бири. Анын жашоодогу мааниси жана потенциалдык пайдасы тууралуу эмнелерди билебиз?  Билбегениңиз уят эмес, төмөндөн окуп, билип алыңыз.

•    Жаңы мамилелерге жол ачат

Ыраазычылык билдирүү менен гана чектелбей, жаңы досторду табууга себепчи болот. Бир изилдөөнүн жыйынтыгында, жаңы таанышкан адамга рахмат айтуу, алардын мамилесин узартаары далилденген. Б.а. тааныбаган адам же коллегаңыз болобу, кылган жардамы үчүн билдирген ыраазычылыгыңыз, ортодогу мамилени бекемдеп, кийинки баскычка жол ачат.

•    Ден соолукка пайдалуу

Рак илдетин айыктырбайт, албетте. Ошентсе да, позитивдик маанай тартуулаган ыраазычылык сезим, ден соолукка да позитивдүү чагылат. Мындай абал оор дартка чалдыккан бейтаптардын күрөшүн жеңилдетет. Бул тууралуу жасалган изилдөөлөрдө рахмат айтууну адатка айланткан адамдардын врачка аз бараары, кан басымынын нормалдуу экендиги жана аң-сезим тең салмактуулугунун бузулуу риски башкаларга салыштырмалуу аз экендиги далилденген.

•    Уйку сапатын жакшыртат

Дагы бир изилдөөдө ыраазычылык билдирген сөздөрдү жазуу уйкуга пайдалуу экени белгиленип, уктаардан мурун 15 мүнөт ыраазычылык сөздөрүн жазган адамдар узун жана тынч уктагандарын айтышкан.

•    Өзүнө болгон ишенимди арттырат

2014-жылы Journal of Applied Sport Psychology аттуу журналга жарыяланган макала боюнча рахмат айтуу, спортчулардын өзүнө болгон ишенимин арттырат. Буга карата дагы көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын натыйжасында алынган жыйынтыкка караганда, бул сезимге бай адамдар айланасындагы адамдарга салыштырмалуу аз кызганышат. Башкалардын ийгилигин кызгануунун ордуна алкыш айтуу адамдын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

•    Башкалардын сизди жакшы көрүүсүн камсыздайт

Социалдык капитал түзүүгө жардам берет. 243 киши катышкан эки изилдөөдө сөз болуп жаткан сапатка бай адамдардын социалдык капиталы өтө көп экендиги далилденген. Ыраазычылык билдирүү сизди жакшы, ишенимдүү, социалдуу жана баалай билүүчү адам катары көрсөтүп, анын негизинде досторуңуздун саны көбөйөт. Мамилелер күчөп, үйбүлөңүз дагы бекемделет. Рахмат айтуунун төмөнкүдөй жакшы көрүнүштөргө себепкер болоору дагы бир топ изилдөөлөрдө далилденген.

•    Карьераңыздын күчүн арттырат

•    Сезимдериңизди бекемдейт

•    Жакшы жакка түртөт

•    Материализмди азайтат

•    Руханий дүйнөңүздү байытат

•    Өзүмчүлдүктү азайтат

•    Өмүрдү узартат

•    Энергияңызды көбөйтөт

•    Баркыңызды көтөрөт

Булак: NazarNews.kg

Последние новости