www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Өткөн чак өттү кетти эмес, өтмүшүң ушул тапта учур чакта жашайт. Себеби, кечээки эмгегиң, бүгүнкү күндүн натыйжасы, эртеңкиңдин өрнөгү. Дегеним, мейли тасмада болобу же театрдабы тек гана роль аткарбастан, ошол каарманында жашап койгон актёрлор сейрек. Рахматулла агабыз мына ошол сейректердин бири.

- Өмүрдүн башаты балалык эмеспи...

- Канчалык жаш өткөн сайын балалыгың Ноокаттын Тилла-Сай айылы  эсиңе келет. Ошол убакка болгон сагыныч, кусалык, баёо сезимиң, кызык күндөрүң… Балдар менен чүкө, жашынмак ойноп, топуракта жылаңайлак басып, эч бир түйшүгү жок жыргаганың тасмадай көз алдыңда чууруп өтөт. Жашоонун оош-кыйышы менен түк ишиң жок, эчкимге баш ийбеген «өжөр» мезгил тура. Ошол балалыгымдын бал татымы алигиче оозуман кетпей турганын жон терим менен сезип келем. Атам чабан болгондуктан, жайлоодо торолуп чоңойгон баламын. Кыргыз баласын мен тоого салыштырам. Ар бир кыргыз тоо сыяктуу көтөрүмү оор көөкөр таштай. Тоо жыттанган кыргыз экениме сыймыктанам.

- Кесиптештериңиздин көпчүлүгүнүн ата-энеси артистти “лөлү” катары карашып каршы болушкан экен, сизде тескерисинче...

- Албетте. Негизи ата-энем кесибимди колдоп, актёрлукка окуткан. Атам сологой болуп, комузду жакшы ойночу эле, апам ооз комуз чертип, кошок кошуп, элдик ырларды ырдачу. Ата-энебиздин түрткүсү менен мен анан Айчүрөк карындашым чыгармачылык жолду тандаганбыз.

- Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз…

- Кино-мен үчүн бул тармакта өздүгүмдү тапкан бирден-бир кесибим. Жашоодо кокустук болбойт, тек гана адамдын өзүнүн каалоосу бар. Киного болгон ышкыбоздугум бала кезимде эле көкүрөктөгү эңсөөмдү ачып койгон окшобойбу. Биз, союздун балдары, “кыргыз кереметине” суугарылып чоңойдук. Ошол тасмаларды көрүп, чоңойгондо Чокморов, Жумадылов, Бейшеналиевдердей актёр болом дей берчүмүн. Жаштын тилегин берет дегендей, актёр болуп калганымдын себеби мына ушундай.

- Кино тармагы баарибир сизди коё бербептир...

- Ооба. Москвадагы Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайда билим алгам. 1-курстун аягында “Мосфильм” киностудиясында тартылган “Ермак” аттуу сериалда хан Күчүмдүн өзүнө кылдат кулунун ролун аткаргам. Орустун атактуу актёрлору: Степанов, Евстигнеев, Алфёрова, Джигурда, Жигаловдор менен биргеликте аткарып калганым мен үчүн чоң сыймык. “Одесса” киностудияда режиссёр Юрий Соломин тарткан “Башында сөз болгон” тасмасында монгол-татар ханынын 25 жаштагы ролун ойнодум. Кыргызстанга келип бир топ тасмаларда роль жараттым.

- Сиз терс каармандарды келиштире аткарганыңыз менен жашоодо жумшак мүнөз дешет жакындан тааныгандар...

- Режиссёрлор бүтүндөй бир тасманын кыймылдаткычы болгон сыяктуу, биз, актёрлор, ошол тасманын өзөгү болгон каарманды алып чыгабыз. Кино сынчылар болгон баасы ошол тасманы жакшы же жаман деп гана атай алат. Тасма жакшы деген баага татыганы, оң же терс каарман болобу аны көрүнө чыгаруу бул албетте актёрдун утушу. Бармак тагы бир-бирине шайкеш келбеген сымал, искусстводо кайнап турган өнөрпоздун өз почерки болот. Ошол жасаган эмгегинин изи десек дурустур. Мейли оңбу же терс каарманбы кино аркылуу көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Тасмада жырткыч катары каралганым менен көшөгө артында менден өткөн боорукер адам жок  деп Дэнни Трехо айткандай, жашоомдо жумшак мүнөзмүн.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости