www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчёт берди.

Маалым болгондой, отчёттук мезгилде жакшы жыйынтыктар орун алган. Атап айтканда, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.

Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.

«Бул негизги көрсөткүч — өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», — деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости