www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлеринин автоматтардын муляждарын колдонуу менен машыгуулары британиялык Daily Mail гезитинин окурмандарын таң калтырды.

Бир күн мурун интернетте украиналык жергиликтүү өзүн-өзү коргоо бөлүктөрүнүн ыктыярчылары орус аскерлери чек арада топтолуп калгандыктан, жыгач мылтык менен машыгуудан өтүп жаткан сүрөттөрү пайда болгон.

«Жакында эле Украинанын президенти жоголгон аймактарды кайтарып берүүгө өлкөнүн толук күжүрмөн даярдыгын билдиргени күлкүлүү», - деп белгиледи Paulm69 аттуу окурман.

«Анан мен 32 жыл мурун британ армиясында кызмат өтөп жүргөндө штык колдонгонумду эстедим», - деп бөлүштү Almighty11.

Уэллс-Дэвис аттуу колдонуучу болсо, «Орусия жөнүндө жалган маалымат тараткан жасалма премьер-министр, президент жана өкмөт бар өлкөдө жасалма армия үчүн жасалма курал», - деп жазган.

«Украина Ливия же Сириядай болмоюнча алар тынч алышпайт», деп жазган дагы башка окурман.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости