www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Эр-Риядда өткөн мусулман өлкөлөрүнүн саммитинде экстремисттик жана террористтик көрүнүштөргө карата эки түрдүү мамиле болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, мындан улам «радикал топтор айрым коомдук деп аталган фонддор менен уюмдардын саясий-маалыматтык жана каржылык жардамдарынан пайдаланып жатат».
«Жыйынтыгында терроризм менен экстремизм таралуу чөйрөсүн кеңейтип, үрөйдү учурган көрүнүштөргө ээ болууда. Мындай чакырыктар бүтүндөй бир мамлекеттердин жок болуп кетүү коркунучун түзүп, болуп көрбөгөндөй кыйроолорго жана жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келди», - деди ал.
Рахмон «экстремисттик жана террористтик топтор дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүндө зомбулукту жайылтуу жана диний-этникалык кагылышууларды уюштуруу менен исламофобияны жана мусулмандарды жек көрүү сезиминин калыптанышына мүмкүндүк түзүп жатканын» белгиледи.
Мамлекет башчы дүйнө коомчулугу терроризмди кубулуш катары көрсөтүп жаткан объективдүү, материалдык жана руханий байлыктарды толук аныктап чыгуусу керектигин белгиледи. Анын айтымында, «башка руханий факторлор менен катар жумушсуздук, жакырчылык жана калктын социалдык жактан корголушунун төмөнкү деңгээли радикализм менен терроризмдин пайда болушуна шарт түзүүдө».
Булак: "centralasian.org"